
Тастыктоо маалыматы (SAR)
БУЛ МОБИЛДИК АППАРАТ РАДИО ТОЛКУНДАРЫНЫН
ТААСИРИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН
ЖОЛДОМОЛОРДУН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл
алгыч. Ал эл аралык колдонмолордун радио
толкундарынын таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө
сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул
колдонмолор ICNIRP көз каранды эмес илимий уюму
тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден соолук
абалындагы адамдарды сактоо үчүн коопсуздук
чектерин камтыйт.
Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific
Absorption Rate (Салыштырма Сиңме Чен) же SAR аттуу
ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда
жайгашкан SAR чеги 2,0 Ватт/килограммга (Вт/кг) орточо
10 грамм дене ткандарына туура келет. Стандарттык
операция түзүлүштөрү колдонулуп жана бардык
текшерилген жыштыктарда аппарат эң жогорку
кубаттулугунда иштетилип SAR тесттер өткөрүлгөн.
Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли максималдык
баалоодон төмөн болушу мүмкүн, анткени аппарат
тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулук
менен иштөөгө түзүлгөн. Тармак станциясына канчалык
жакын жайгашканыңыз сыяктуу факторлорго жараша
ошол сан өзгөрүп турат.
ICNIRP колдонмолору астындагы SAR эң чоң саны
аппаратты кулакка тийгизгенде 1,09 ватт/кг болуп чыгат.
Аппаратка туташтырылган кошумча жабдуулар
колдонуусу SAR нарктарын өзгөртүп салат. SAR
нарктардын өзгөрүүсүнө өлкөдөгү отчет берүү
стандарттар, сынамак талаптар жана тармактын тилкеси
өзүнүн салымын кошот. Кошумча SAR маалыматты
www.nokia.com өнүм маалымат астында таап алса
болот.
Продукт жана коопсуздук маалыматы
39
© 2011 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Ушуну менен NOKIA CORPORATION мындагы RM-614
продукттун 1999/5/EC Директивасынын негизги
талаптарына жана башка тиешелүү жоболоруна дал
келгенин жарыя кылат. Ылайык келүү Декларациясынын
көчүрмөсүн төмөнкү даректен тапса болот http://
www.nokia.com/phones/declaration_of_conformity/.
© 2011 Nokia. Бардык укуктар сакталды.
Nokia, Nokia Connecting People жана Navi Nokia
Corporation тиешелүү соода же катталган соода
маркалары. Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси.
Мындан тартып башка өнүм жана компания аттары
тийиштүү ээлердин тиешелүү соода белгилери жана
соода аттары болуп саналат.
Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз
бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун
кандайдыр бир түрдө кайра чыгарууга, колдон колго
өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат. Nokia
тынымсыз өнүгүү саясатын жүргүзөт. Nokia бул
документте көрсөтүлгөн кайсы өнүм болбосун, алдын
ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды
киргизүү укугун сактайт.
Includes RSA BSAFE cryptographic or security protocol
software from RSA Security.
Java and all Java-based marks are trademarks or registered
trademarks of Sun Microsystems, Inc.
Бул продукт MPEG-4 Visual Patent Portfolio License
тарабынан (i) MPEG-4 Visual Standard ка ылайыкталып
коддолгон маалыматка байланыштуу жеке же
коммерциялык эмес иш алып барган кардарлардын жеке
же коммерциялык эмес колдонуулары үчүн жана (ii)
лицензияланган видео камсыздоочу тарабынан камсыз
кылынган MPEG-4 видео менен байланышкан колдонуу
үчүн лицензияланган. Бөлөк башка максат менен
колдонууга лицензия берилбейт жана берүүгө да мүмкүн
эмес. Кошумча маалыматты, анын ичинде жарнамалоо,
ички жана коммерциялык колдонуу тууралуу
маалыматты MPEG LA, LLC ден алууга болот. http://
www.mpegla.com сайтын караңыз.
ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ЖОЛ БЕРГЕН МАКСИМАЛДУУ
ДАРАЖАДА NOKIA ЖЕ АНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ МЕНЕН
ИШТЕГЕНДЕР КАНДАЙ ГАНА КЫРДААЛ БОЛБОСУН,
МААЛЫМАТ ЖЕ КИРЕШЕ ЖОГОТУУЛАРЫНА, ЖЕ
АТАЙЫН, КОКУСТАН, ТҮЗДӨН-ТҮЗ ЖЕ КЫЙЫР
ЖОГОТУУЛАРГА ЖООП БЕРБЕЙТ.
БУЛ ДОКУМЕНТТИН МАЗМУНУ "КАНДАЙ БОЛСО
ОШОНДОЙ" БЕРИЛДИ. ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ТАЛАП
КЫЛБАГАН БАРДЫК УЧУРДА, ЭЧ КАНДАЙ ГАРАНТИЯ
АЧЫК ТҮРДӨ ЖЕ МААНИСИНЕН КЕЛИП ЧЫГУУЧУ,
АНЫН ИЧИНДЕ, БИРОК АНЫ МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН
ТОВАРДЫН АЙРЫМ МАКСАТТАРГА ЖАРАМДУУЛУК
ЖАНА БҮТҮНДҮК ГАРАНТИЯСЫ УШУЛ
ДОКУМЕНТТИН ТАКТЫГЫ, ТУУРАЛУГУ ЖЕ МАЗМУНУ
БОЮНЧА БЕРИЛБЕЙТ. NOKIA, БУЛ ДОКУМЕНТКЕ
АЛДЫН АЛА МААЛЫМДООСУЗ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ
КИРГИЗҮҮ ЖЕ АЛЫП САЛУУ УКУГУН САКТАЙТ.
Белгилүү бир өнүмдөрдүн жана аларга тиешелүү
кошумча бөлүктөрдүн жана кызматтардын жетиштүүлүгү
ар кандай региондордо бирдей эмес. Тил тандоолордун
жетиштүүлүгүн жана маалыматты Nokia дилериңизден
тактаңыз. Бул аспап АКШнын жана башка өлкөлөрдүн
экспорт боюнча мыйзам жана көрсөтмөлөрүнө ылайык
келген товарларды, технологияларды же камсыздоо
программаларын камтышы мүмкүн. Мыйзамсыз
өзгөртүүлөргө тыюу салынат.
Сиздин аппаратыңыз менен чогуу берилген үчүнчү
жактын тиркемелери башка Nokia га тиешеси жок
инсандар же юридикалык жактар тарабынан түзүлүп
жана менчиктелиши мүмкүн. Nokia үчүнчү жактын
тиркемелерине автордук же интеллектуалдык менчик
укуктарына ээ эмес. Ошондуктан, Nokia керектөөчүлөрдү
колдоо, тиркемелердин функционалдуулугу же бул
тиркемелер жана материалдар тууралуу маалымат үчүн
эч жооп бербейт. Nokia үчүнчү жактын тиркемелерине
гарантия бере албайт.
БУЛ ТИРКЕМЕЛЕРДИ КОЛДОНУУ МЕНЕН СИЗ
ТИРКЕМЕЛЕРДИН "КАНДАЙ БОЛСО ОШОНДОЙ",
ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ МАКСИМАЛДУУ ЖОЛ БЕРГЕН
ЧЕКТЕ ЭЧ КАНДАЙ ТАК АЙТЫЛГАН ЖЕ МААНИСИНЕН
КЕЛИП ЧЫККАН КЕПИЛДИКТЕРСИЗ БЕРИЛИШИН
ЫРАСТАЙСЫЗ. СИЗ ОШОНДОЙ ЭЛЕ NOKIA ЖАНА
АНЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ТАРАПТАР АЧЫК
АЙТЫЛГАН ЖЕ ТҮШҮНҮЛГӨН ЖАРЫЯЛАРДЫ ЖЕ
40

КЕПИЛДИКТЕРДИ, АНЫН ИЧИНДЕ, БИРОК АНЫ
МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН АТАЛЫШТАРГА, ТОВАРДЫК
САПАТТАРГА, АЙРЫМ МАКСАТТАРГА ТУУРА КЕЛҮҮ
ЖЕ ТИРКЕМЕЛЕР ҮЧҮНЧҮ ЖАКТАРДЫН
ПАТЕНТТЕРИН, АВТОРДУК УКУКТАРЫН, СООДА
МАРКАЛАРЫН ЖАНА БАШКА УКУКТАРЫН БУЗБООСУ
ТУУРАЛУУ КЕПИЛДИКТЕРДИ БЕРБӨӨСҮН
ТААНЫЙСЫЗ.
ФБК, ФЕДЕРАЛДЫК БАЙЛАНЫШ КОММИССИЯСЫ/
КАНАДА ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН БИЛДИРҮҮСҮ
Аппаратыңыз телевизор же радио толкундарына
тоскоолдук жаратуусу ыктымал (мисалы, телефонду
кабылдагычтын жанында колдонгондо). ФБК же Канада
өндүрүүчүлөрү, эгер мындай тоскоолдуктар
четтетилбесе, сизден телефонуңузду колдонуудан баш
тартууну талап кылышы мүмкүн. Эгер сизге жардам
керек болсо, анда жергиликтүү тейлөө кызматына
кайрылыңыз. Бул аппарат ФБК эрежелеринин 15 -
бөлүгүнө ылайык түзүлгөн. Иштетүү төмөнкү эки шартка
ылайык болушу зарыл: (1) Бул аппарат зыяндуу
тоскоолдуктарды жаратпоосу жана (2) бул аппарат
келген баардык тоскоолдуктарды, анын ичинде керексиз
операцияларды аткарууга алып келүүчү
тоскоолдуктарды кабыл алууга тийиш. Бардык Nokia
тарабынан анык бекитилбеген өзгөртүүлөр же
модификациялар колдонуучунун аппаратын колдонуу
укугунан ажыратып коюшу мүмкүн.
/4.0-басылма KY
41