
Санариптик Укуктарды Башкаруу тууралуу
Бул аппараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн
колдонууда баардык мыйзамдарга баш ийиңиз жана
жергиликтүү салттарды, башка адамдардын жекелигин
жана мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде автордук
укуктарды сыйлаңыз. Автордук укуктар сүрөттөрдү,
обондорду жана башка мазмунду көчүрүүдөн,
өзгөртүүдөн, таркатуудан сакташы мүмкүн.
Мазмун ээлери, өздөрүнүн интеллектуалдык менчигин
жана автордук укуктарын коргоо үчүн, санариптик
укуктарды башкаруу (DRM) технологияларынын ар
кандай түрлөрүн колдонушат. Бул түзүлүш, DRM
технологиясы тарабынан корголгон мазмунга кирүү
үчүн, ар кандай DRM программаларын колдонот. Бул
түзүлүштүн жардамы менен сиз, WMDRM 10, OMA DRM
1.0, OMA DRM 1.0 алдыңкы кулпу жана OMA DRM 2.0
аркылуу корголгон мазмунга кире аласыз . Эгерде
белгилүү бир DRM программасы, мазмунду коргоону
ишке ашыра албай калса, мазмун ээлери ал DRM
программасынын, DRM технологиясы тарабынан
корголгон жаңы мазмунга кирүү мүмкүнчүлүгүн жараксыз
деп жарыялоону сурай алышат. Жараксыз деп табуу,
ошондой DRM технологиясы тарабынан корголгон
мазмундун, аппаратыңызда эчак жаңылануусун алдын
алышы мүмкүн. Ошондой DRM программаларынын
жараксыз деп табылышы, DRM технологиясынын башка
түрү менен корголгон мазмундун же DRM-эмес
технологиясы аркылуу корголгон мазмундун
колдонулушуна таасирин тийгизбейт.
DRM менен корголгон маалыматтар тиешелүү лицензия
менен кошо келет. Ал сиздин маалыматты колдонууга
болгон укугуңузду тастыктайт.
Сиздин аппаратыңыздын эс тутуму форматталгандан
кийин, OMA DRM менен корголгон мазмунду
пайдаланууну улантуу үчүн керек болгон лицензиялар
башка берүү жолдору менен өткөрүлбөй калышы
мүмкүн. Сиздин аппараттагы файлдар бузулуп калса,
лицензияны кайра калыбына келтирүүгө туура келет.
Эгер аппаратыңызда WMDRM тарабынан корголгон
мазмун болсо, лицензия жана мазмундун өзү
форматталган эстутум менен тең жок болушу мүмкүн.
Аппаратыңыздагы файлдар бузулуп калса, сиз лицензия
жана камтылган мазмунду жоготуп калышыңыз мүмкүн.
Лицензия же корголгон маалыматты жоготуу
аппаратыңыз менен ошол эле мазмунду колдонуу
мумкүнчүлүгүңүздү чектеши мүмкүн. Кошумча маалымат
алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө кайрылыгыңыз.
Кээ бир лицензиялар SIM картанын бир түрүнө
байланышкан болушу мүмкүн жана корголгон мазмунга,
SIM карта аппаратка коюлган учурда гана кирүүгө болот.