Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз
Аппаратыңызды, батареяны, заряддоо түзүлүшүн жана
кошумча жабдууларды камкордук менен алып жүрүңүз.
Төмөнкү сунуштар сиздин, кепилдиктерди колдонуу
мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.
•
Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан чачындар,
нымдуулук жана суюктуктардын бардык түрлөрү,
электрондук тетиктерге зыян келтирүүчү
минералдарды камтыйт. Эгер аппаратыңыз ным
болуп калса, батареяны чыгарып, кургатып коюңуз.
•
Аппаратты чаңдуу же кир жерлерде колдонбоңуз
же сактабаңыз. Анын жылдырма бөлүктөрү жана
электроникалык компоненттери зыянга учурайт.
•
Аппаратты суук же ысык жайларда сактабаңыз.
Жогорку температуралар, аппараттын колдонуу
убактысын кыскартып, батареяга зыян келтирип,
айрым пластик тетиктеринин бузулуп же эрүүсүнө
алып келиши мүмкүн.
•
Аппаратты суук жайларда сактабаңыз. Аппарат
өзүнүн нормалдуу температурасына келгенде,
анын ичинде пайда болгон ным, электрондук
чынжырларга зыян келтириши ыктымал.
•
Колдонуучунун колдонмосунда көрсөтүлгөндөн
башка жол менен аппаратты ачууга аракет
кылбаңыз.
36
Продукт жана коопсуздук маалыматы
© 2011 Nokia. Бардык укуктар сакталды.
•
Укуксуз өзгөртүүлөрдү киргизүү, аппаратка зыян
келтирип жана радио жабдыктардын
колдонулушун жөндөөчү эрежелерди бузушу
мүмкүн.
•
Аппаратты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз.
Этият эмес колдонуу аппараттын ички чынжыр
схемаларын жана механизмдерин бузушу мүмкүн.
•
Аспаптын тышын дайым жумшак, таза жана кургак
чүпөрөк менен сүртүңүз.
•
Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу
бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө
жолтоо болуусу ыктымал.
•
Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн, маал
маалы менен аны өчүрүп, батареясын алып, анан
кайра иштетип туруңуз.
•
Аппаратыңызды магнит жана магнит талаалардын
жанында кармабаңыз.
•
Маанилүү маалыматыңызды коопсуз сактаңыз,
аларды, жок дегенде, эки, түзүлүшүңүз, эс тутум
картасы же компьютериңиз сыяктуу, бөлөк жерде
сактаңыз же аларды жазып туруңуз.