
Текст кабарлар
Аппаратыңыз бир гана билдирүүнүн
өлчөмүнө коюлган чектен ашык
өлчөмдөгү билдирүүлөрдү жиберүүнү
колдойт. Узун билдирүүлөр эки же
андан ашык билдирүү түрүндө
жиберилет. Сиздин тейлөө
кызматыңыз ошого жараша төлөө
акысын алат. Басым белгилери бар
тамгалар, айрым тилдерде
колдонулуучу белгилер көбүрөөк орун
алуу менен бир билдирүүдө камтылган
тамгалардын санын азайтат.
Пайдаланууга болгон тамгалардын
толук саны жана жиберүүгө муктаж
болгон кабарлардын саны көрсөтүлөт.
Кабарларды жиберүүгө аспабыңызда
кабар борбордун туура номери
сакталган болушу керек. Демейде, бул
номер өзүңүздүн SIM карта аркылуу
айласыз катары коюлат.
Номерди колго коюуга, төмөнкүнү
аткарыңыз:
1
Меню
>
Кабарлашуу
>
Дагы
>
Кабар орнотул
>
Текст кабарлар
>
Кабар борбору
тандаңыз.
Менюларды башкаруу
17
© 2011 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

2 Сиздин кызмат тейлөөчүңүз
берген атын жана номерин
киргизиңиз.
Мультимедия кабарлар
Мультимедия кабары текст, сүрөт
жана үн же видео клиптерди камтышы
мүмкүн.
Бири бирине туура келген
функциялары бар аппараттар гана
мультимедиа билдирүүлөрүн кабыл
алып көрсөтө алат. Маалыматтын
көрүнүшү кабыл алуучу аппаратка
жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Зымсыз тармактар MMS
маалыматынын өлчөмүнө чек салышы
мүмкүн. Эгер киргизилген сүрөт бул
чектен ашса, аппарат аны MMS
аркылуу жибериле тургандай кылып
кичирейте алат.
Маанилүү иш: Келген
билдирүүлөрдү ачууда этият болуңуз.
Билдирүүлөр кооптуу
программаларды камтуу менен сиздин
аппаратыңызга же компьютериңизге
зыян келтириши мүмкүн.
Мультимедия кабарлашуу кызматтын
(MMS) бар болушу жана ага жазылуу
жолдору жөнүндө кызмат
тейлөөчүңүздөн сураңыз.
Аппаратыңызды зыяндуу мазмундан
сактаңыз
Аппаратыңыз вирустарга жана башка
зыяндуу мазмундун таасирине дуушар
болушу мүмкүн. Кийинки алдын
алууларды аткарыңыз:
•
Кабарларды ачууда этият болуңуз.
Алар, зыяндуу программаларды
камтуу менен сиздин
аппаратыңызга же
компьютериңизге зыян келтириши
мүмкүн.
•
Байланышуу талаптарын кабы
алууда, интернетти кыдырууда же
мазмунду жүктөөдө этият болуңуз.